Кечээ, 19-октябрда Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургундары жакында кайрадан көмүлгөн мумияга арнап куран окушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Кара-Булак айылынын тургуну Чыңгыз Масеитовдун айтымында, курмандык чалынып, токоч жасалды. Аксакалдар мумия көмүлгөн жерге барып, куран окушту. Алар мумияны ордунан козгоп, кайра казуу туура эмес боло тургандыгын билдиришти.