Баткен шаарында электр энергиянын айынан чатак чыгууда, - тургундар

turmush
Скачать
Просмотров: 113
 
Опубликовано 19 Октября 2017, 12:10

Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда электр энергиясынын айынан чатак чыгууда. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Жаңы конуштун тургуну Айнура Мундузованын айтымында, кварталга электр энергиясы тартылган эмес. Бала-чакасы менен эртеден кечке отун топтоп, эптеп кышка камылга көрүп жатат.

«Кыш жакындаган сайын көмүрдүн баасы да жогорулап жатат. Ошондуктан көмүрдү үнөмдөп жагабыз», - деди ал.

Ал эми, Авазбек Сайназаровдун айтымында, конуштагы жашоочулар электр чубалгыларын эптеп өз күчтөрү менен тартып алгандыктан, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Жаңы көчүп келгендерге алсыз электр тогунун кубаты жетпей, электр энергия талашка түшүп, жашоочулар арасында жаңжал да чыкты.

Баткен шаардык мэриясы быйылкы жылы эле жаңы конушка электр энергиясын тартуу боюнча чоң иштер жасалганын билдирип, бирок электр энергиясын саткан ишкана тагыраак айтканда «Ош электр» мекемеси да өз абонентерине чубалгыларды тартып бериши керектигин кабарлады.