Ак-Талаа райондук билим берүү борборунда биринчи жолу кытай тили ийрими ачылып, окуучулар кытай тилин үйрөнүшүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 152
 
Опубликовано 18 Октября 2017, 17:19

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун билим берүү борборунда биринчи жолу кытай тили ийрими ачылып, анда окуучулар кытай тилин үйрөнүп жатышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган борбордо буга чейин кол өнөрчүлүккө, сүрөтчүлүккө, компьютер, англис жана орус тили, бий ийрими боюнча билим берилип келген болсо, булардын катарын кытай тили ийрими толуктады.
Анда, кытай тили боюнча мугалим Анара Токтогулова 2 тайпадан турган 33 окуучуга же тактап айтканда 1-2- күндөрү 18 окуучуга, 3-4-күндөрү 15 окуучуга кытай тилинен сабак өтүүдө.
«2012-жылы мектепти аяктаган соң, Х.Карасаев атындагы жогорку окуу жайына кыргыз-кытай тили факультетине тапшыргам. Андан соң, Кытайга барып 1 жыл билим алып келгем. Ушул жылдын октябрь айынан бери балдар билим борборунда окуучуларга кытай тилин үрөтүп жатам. Окуучулар абдан кызыгуу менен окуп жатышат. Ушул кыска убакыттын ичинде санаганды жана бир-бири менен кытайча сүйлөшүүнү өздөштүрө алышты. Азырынча, 8-9-10-класстын окуучулары билим алып жатышат» - дейт мугалим А.Токтогулова.