9 жаштагы Арууке 212 мамлекеттин борбор шаарларын жатка билет

turmush
Скачать
Просмотров: 494
 
Опубликовано 10 Октября 2017, 16:24

Ош шаарынын 9 жаштагы тургуну Арууке Тойчиева 212 мамлекеттин борбор шаарларын жатка билет. Анын борбор шаарларды жаттоо өнөрүнө туугандары себеп болгон.

Арууке 4 жашында тамга таанып, 5 жашында китеп окуп баштаган. Ал учурда 4-класста билим алып жатат. Сабагын жалаң 5ке окуган каарманыбыз классында президент.

«Мен Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы мектепте окуйм. Үйдө туугандарыбыз мамлекеттердин борборун сурап калганда билбей калчумун. Ошондон улам борбор шаарларды жаттап баштадым. Өзүмдү текшерип көрүү үчүн "Мыктынын мыктысы" теледолбооруна катышып, жеңип алдым. Азыр 212 мамлекеттин борборун жатка билем», - деди ал.

Аруукенин апасы Кенже айымдын айтымында, кызынын эске тутуусу жакшы, сыналгыдан көргөн ар бир жарнаманын текстин дагы дароо өзүндөй кылып туурап берет.

Толугу менен: http://www.turmush.kg/news:332980