Кыргыз улуттук академиялык драма театры жаңы сезонун ачат

turmush
Скачать
Просмотров: 321
 
Опубликовано 28 Сентября 2017, 19:12

Бүгүн, 3-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 91-театралдык сезонун ачат. Сезон Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектакли менен ачылып, мындан ары театрда күн сайын спектаклдер көрсөтүлүп турат.

«Манастын уулу Семетей» — тарыхый драма. Элдик эпостун негизинде жазылып, сахнада коюлган бул пьеса бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма. Окуя Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп келиши менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерди жасаган даңазалуу баатырлардан болот.

- Пьесаны жазган – Жалил Садыков;

- жооптуу коюучу режиссер – Эгемберди Бекболиев;

Ролдордо: Семетей – Э.Осмонов, Атакан уулу Канболот, Бакай – Ч.Думанаев, Т.Сманбеков, Чыйырды – Ж.Жумалиева, А.Сыдыгалиева, Каныкей – Т.Абдразаева, А.Имашева, Р.Орозова, Жакып – Т.Актанов, Сарытаз – К.Сарыбаев, Абыке – А.Качкынбаев, Көбөш – Ж.Сманов, Ж.Касейинов, Ысмайыл – А.Мурадилаев, Тазбаймат – К.Абылов, Э.Эгембердиев, Кишимжан – Ж.Барманова, М.Асанбекова, Желдеңбай – М.Алышпаев, Б.Одуракаев, Эшен – Ш.Кыдырмаев, Д.Байгожоев, Эшик ага – Болорбек уулу Адыл жана А.Осмоналиев.

http://www.turmush.kg/news:332489