Ак-Талаада 3 эм балалуу болушкан үй-бүлөгө КРнын Президенти тарабынан 1 млн сомго үй жана 4 уй, 20 баш кой берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 1229
 
Опубликовано 20 Сентября 2017, 16:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын 3 эмдүү болушкан үй-бүлөгө Баетов айылынан 1 млн сомго Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан үй берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 20-сентябрь күнү 3 эм уулдардын атасы Капарбек Исаев менен энеси Айгүл Чотурова үчүн өзгөчө кубанычстуу күндөрдүн бири болду. Анткени, ушул күнү КРнын президенттик администрациясынын жетекчисинин 1-орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Баетов айылына келип, КРнын Президенти тарабынан берилип жаткан 1 млн сомдук үйдүн ачкычын 3 тапшырды. Аны менен бирге эле Президенттин атынан 2 уй жана 10 кой сатып алуу үчүн 150 миң сом тапшырды.
Андан сырткары, Крнын Президентинин экс-кеңешчиси Калыкбек Султанов тарабынан 3 эмдин ата-энесине 2 уй, 10 баш кой берилди.
Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаевдин айтымында, эмдин ата-энесине үй алып берүү үчүн Баетов айылынан 8 үй тандашкан. Ошолордун ичинен ушул үйдү эгиздердин ата-энеси өздөрү жактырып, тандап алышкандыгы маалым болду.
Ошентип, жалпы 8 баланын (3 эм менен кошо) ата-энеси КРнын Президентинин колдоосу менен 1 млн сомдук үйгө жана 4 уй, 20 баш койго ээ болушту.