Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасы 6 млн сомдук медициналык жабдыктар менен камсыздалды

turmush
Скачать
Просмотров: 85
 
Опубликовано 10 Августа 2017, 14:35

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасы Япониялык гранттан 5 млн 800 миң сомдук медициналык жабдыктар менен камсыздалгандыгын оорукананын башкы дарыгери Догдурбек Бектуров аймактык кабарчыга билдирди.
Башкы дарыгердин айтымында, «Чөп тамырлары - адамзаттын коопсуздугу» долбоорунун негизинде лаборатория, төрөт бөлүмү, хирургия бөлүмдөрүнө кымбат баадагы 8 медициналык эабдыктар алынып келинди.
«Биздин ооруканада медициналык жабдыктардын жетишсиздигинен улам абдан кыйналып келгенбиз. Бул боюнча мурунку башкы дарыгер долбоор даярдаган экен, ошол долбоордун артынан жүрүп, минтип жабдыктарга ээ болуп жатабыз. Жабдыктарды Япониянын элчилиги тапшырды. Азыркы учурда, баардык жабдыктар орнотулуп, иштеп жатат» - дейт Д.Бектуров.
Ал эми, төрөт бөлүмүнүн дарыгери Чолпон Асылбаева ара төрөлгөн ымыркайларды торолтуучу жабдыктын келгендигине кубанычта.
«Бул жадыкка айына жетпей төрөлгөн наристелер жаткырылып, ошол наристелерге энесинин курсагында жаткандай жылуулукту, температураны берип турат. Буга чейин, ара төрөлгөн ымыркайларды Нарынга жиберип келгенбиз. Бирок, дагы эле ара төрөлгөн ымыркайларды Нарынга жиберүүгө мажбурбуз. Анткени бизде, дарыгерлер жетишсиз жана Нарын шаарындагыдай толук кандуу шарттар дагы эле жок» - дейт Ч.Асылбаева.