Айыл турмушу: Ы.Муктарбеков колдору иштебесе да буту менен музыка ойноп, тойлордо кызмат кылат

turmush
Скачать
Просмотров: 704
 
Опубликовано 10 Августа 2017, 10:04

Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 27 жаштагы тургуну, 1-топтогу майып Ырыскелди Муктарбеков колдору менен эч кандай иш кыла албаганы үчүн бардык ишти буту менен кылганды үйрөнгөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын 87 жаштагы чоң энеси Гүлкан Борукеева айтымында, буту менен телефондорду да оңдойт.

«Туулганда дени соо болчу. Кийин эле ушундай болуп ооруп калды. Жылына 2 жолудан 3 жыл катары менен даарыланды. Анан 1 жыл атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепте окуду. Тамакты буту менен ичет, телефон оңдойт, тойлордо синтезатор ойнойт. Айыл ичинде мени машинеси менен жакын жерге таштап коет. Айтор керектүү нерселерди буту менен жасайт. Жайы-кышы бутуна байпак кийбейт. Айрыкча кышта тойго алып кетишкенде кыйын. Жылаңач буту менен жумушун кылууга туура келет», - деди ал.

Уста-музыкант өзү бир тойдон 2-3 миң сомго чейин таба тургандыгын кошумчалады.

«Бутума байпак кийсем кап кийгенсип жүдөп кетем. Бардык мезгилде бутума кийбей жүргөнүм көнүмүш адат болуп калды. Кышында суук болот бирок, мени багып жаткан бутум болгондуктан чыдамдуу. Музыкага кызыгуум кичинемден эле башталган. Музыкага кызыгып, бардык жабдыгы менен тойлор үчүн деп синтезатор алгам. Тойлорго деп алып кетишет. Бир тойдон 2-3 миң сомго чейин табам. Видео монтаждап, телефондордун программасын оңдойм. Унаа айдаган абдан жагат. Төө буурчак айдап тапкан акчама унаа сатып алдым. Айылда үйдүн тегерегинде айдайм», - деди ал.

Ырыскелди Муктарбеков үй-бүлөдө 4 бир тууган.