Акталаалык баткенчи А.Кудашов чоң атасы К.Балтаевдин мындан 71 жыл мурун Берлинден ала келген чакасын тумар катары сактап келет

turmush
Скачать
Просмотров: 1624
 
Опубликовано 6 Августа 2017, 01:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, Баткен согушунун катышуучусу Алымкул Кудашов, Улуу Ата-Мекендик согушка катышуучусу, чоң атасы Кудаш Балтаевдин Берлинден ала келген чакасын тумар катары азыркыга чейин сактап келет. Бул боюнча аймактык кабарчы таанышып келди.
Маалым болгондой, Алымкул Кудашовдун чоң атасы К.Балтаев 1942-жылы согушка аттанып кетет. Бирок, анын баласы Алмамбет Кудашов атасынан биринчи согушка кеткен экен. Согуш учурунда, бир шаардан ата-бала жолугуп калышат. Бирок, К.Балтаев ошондон кийин ал баласын көргөн эмес. Алмамбет Кудашов дайынсыз жоголгон. Кандуу согуш аяктап, Берлинге чейин кирип барган аскерлер, өз мекендерине 1946-жылы гана кайтып келишкен. Анткени, алар жөө келишкен экен. Ошондо, Берлинден кадимки чаканы Баетовго кантип алып келгендигин анын келини, учурда 74 жаштагы Мария Медербекова апа айтып берди.
«Кайнатам (К.Балтаев) айтып калаар эле. Берлинден келе жатышып, жанындагы дагы бир чүйлүк жигит чака көтөрүп келе жаткан. Ага биз суу кайнатып ичип, тамак бышырып жеп келе жаттык деп. Чүйгө келгенде ал чаканы кайнатам сурап алган экен. Ошону үйгө алып келиптир. Ошол мезгилден тарта бул чаканы биз атабыздан калган белек катары сактап келебиз. Пайдаланбайбыз. Болгону айран уютабыз» - дейт Мария апа.
Ал эми небереси, Баткен согушунун катышуучусу Алымкул Кудашов чака туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:
«Чака өтө оор. Жок дегенде 5-6 килограмм болот. Атайын калыпка куюлуп жасалган чака экени көрүнүп турат. Чоң атам Берлинден 1946-жылы кайтып келсе, бул чакага 71 жыл болот. Бирок, чака андан мурунку жылдары эле чыгышы мүмкүн да. Кийин чоң атам бодо мал багып жүрдү. Бир жолу өтө бийик Даван ашуусунан жүгү кулап кетип, ошол аска-таштуу бийик ашуудан чака кулап, бирок биртке гана ийрейип калган экен. Туздөй албай коюшуптур. Аябай катуу металлдан жасалыптыр» - дейт А.Кудашов.