Кара-Суудагы үйлөрдү суу каптады

turmush
Скачать
Просмотров: 213
 
Опубликовано 24 Июля 2017, 16:15

Бүгүн, 24-июлда Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылындагы турак үйлөрдүн короолорун суу каптады. Жергиликтүү тургун Дилмурат Калилтегин Turmush басылмасына кабарлагандай, Түштүк каналынан суу ашкан.

«Таңкы саат 05:00 чамасында каналдан суу ашып, үйлөрдү каптап кирди. Кечээ суу чарба башкармалыгына кошуналарыбыз кайрылып, каналда суунун деңгээлин азайтып коюуну өтүнүшкөн. Бирок, эч кандай аракет жасалбай, жергиликтүү тургундар жабыр тартып отурат. Биздин айылдын жарымы Кара-Суу районуна, жарымы шаарга карагандыктан, эки жак бири-бирине шылтоолоп коюшту. ӨКМдин 2 кызматкери гана келди. Алар жардам бергиче үйлөрдүн ичин суу каптап, буюмдарын агызып кетти. Биздин үйдүн алдына келген суу тизеден болчу», - деди ал.

http://www.turmush.kg/news:328571