Жапалакта спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 3695
 
Опубликовано 19 Июля 2017, 13:03

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында аксакалдардын катышуусундагы талкуудан кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып, бардык дүкөндөрдөгү ичимдиктер чогултулду. Буга аталган айылда жашаган 83 жаштагы аксакал спирт ичимдигин ичип алып, 79 жаштагы байбичесин өлтүргөнү себеп болду. Мындан улам айылдагы ишкер жаштар, акча топтоп, дүкөндөгү баардык спирт ичимдиктерин сатып алышкан. Бул маалыматты жергиликтүүлөр Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Бүгүн, 19-июлда өткөн жыйынга Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жапалак айыл аймагынын башчысы Санжар Эшманов, аймактык милициялар, айыл аксакалдары, аксакалдар сотунун төрагалары катышкан.

Толугу менен: http://www.turmush.kg/news:328292