Ысык-Ата районунун Кант шаарынын 34 жаштагы тургуну Руслан Усубалиев үйүндө карышкырдын бөлтүрүгүн багып жатат. Анын аймактык кабарчыга билдиргенине караганда, бөлтүрүктү мындан бир ай мурун Ысык-Көлгө болгон сапарында Сары-Камыш айылынан сатып алган.