Баткен районунун Ак-Татыр айылынын 15 жаштагы тургуну Сейдали Төрөев аккордеон чертип тойлордо ырдайт. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.
Анын айтымында, ал 10 жашынан тартып аккордеондо чертүүнү өздөштүргөн.
«Ата-бабаларымдын жан дүйнөсү ырга жакын болгон. Алардын катарында обончу Аппаз Жайнаков да бар. Мен да алардын жолун жолдоп, ырчы-обончу болууну кыялданып, аккордеонду ойной баштагам. Көбүнчө эски элдик ырларга жакынмын жана тойлордо да элдик ырларды ырдайм.
Келечекте искусство адамы болгум келет. Албетте автордук чыгармаларды жаратуу негизги максаттарымдын бири», - деди ал.
Жаш ырчы 13 жашынан тартып тойлордо буйрутма менен ырдай баштаган. Азыр Баткенди гана эмес Ош, Жалал-Абад аймактарындагы тойлордо да ырдап келет. Тойдо ырдоо акысы 2000 сомдон башталат.
«Тойдон түшкөн каражаттарды ата-энеме гана арнап келем. Өзүмө керектүү нерселерди кеңири алам», - деди ал.
Сейдали үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кичүүсү.