Акталаалык 64 жаштагы Т.Майрыкеев союз тарагандан бери автоунааларды оңдоп, жердештерине кызмат көрсөтүп келүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 172
 
Опубликовано 22 Июня 2017, 01:46

Акыркы убакыттарда автоунаалардын санын көбөйүшү экологияга терс таасирин тийгизгени менен адам баласына керектүү муктаждыктардын бири катары саналса, бир жагынан бир топ жумушсуздуктун санын кыскартуу, ишкерлик кылуу жагы менен пайда алып келүүдө. Алардын бири, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 64 жаштагы тургуну Токе Майрыкеев союз тарагандан бери автоунааларды оңдоп, каражат таап, үй-бүлөсүн багып келет. Эмгекчил адамдын эмгеги менен аймактык кабарчы таанышты.
Пайгамбар жашка келип калган Токе ата, улгайдым дебестен жердештеринин автоунааларын оңдоп кызмат кылууда. Бир автоунаанын астыңкы бөлүгүн толугу менен 3 миң сомго, ал эми моторун 6 миң сомго оңдоп, айына 20 миң сомго чейин киреше табат. Кайрылган кардарлардын аягы үзүлбөй, күнүнө 5-6 кардар кайрылып автоунаасын оңдотуп кетишет. Атургай талаа-түздө же жолдо бузулуп калган автоунааларга да атайын барып оңдоп берип, кылган ишине жараша акысын алат.
Толук маалыматты Turmush.kg - басылмасынан окуй аласыздар