Ак-Талаа районунда «Сары-Жыгач» балдар лагери ачылып, пайдаланууга берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 113
 
Опубликовано 21 Июня 2017, 00:04

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда балдардын жайкы эс алууларын канааттандыруу максатында райондук бийлик таратбынан «Сары-Жыгач» балдар лагери уюштурулуп, ачылыш аземи белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 20-июнь күнү Сары-Жыгач чөлкөмүндө ачылган балдардын эс алуу жайынын ачылыш аземине район жетекчиси баш болгон бир катар өкүлдөр катышып, куттуктоолорун билдиришти.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө балдарга арналып маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган куурчак театры көргөзүлсө, ошондой эле Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучуларынын пионердик жүрүшү менен коштолду.
Лагерди ачууну райондук бийлик демилгилеп чыкса, анын баардык керектүү жабдууларын жеке ишкер Сүйүнбек Сулайманов демөөрчү болуп берген.
Лагерге ар бир эс алууга келген бала 600 сомдон төлөм акы төлөп, 10 күн боюу эс ала алышат. Ал эми балдарды эс алдыруу жагын билим берүү бөлүмү колго алды.