Ак-Талаанын «Ак Мөөр сиңдилери» ансамбль тобу Турцияга барып өз өнөрлөрүн тартуулап келишти,

turmush
Скачать
Просмотров: 110
 
Опубликовано 24 Мая 2017, 23:57

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун апалардан түзүлгөн «Ак Мөөр сиңдилери» ансамбль тобу Турциядагы Маданият, көркөм өнөр жана туризм аталыштагы 3-фестивалга катышып кайтышкандыгын аталган топтун көркөм жетекчиси Бурул Дүйшеева аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, 10-май күнү «Ак Мөөр сиңдилери» ансамбль тобу Турциянын Бартын шаарында жыл сайын өтүлүүчү аталган фестивалдын 33-өткөрүлүшүнө катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн 16-майга чейин тартуулап келишти.
«Биз, 9-май күнү Стамбул шаарындагы Салих Көкчен аэропортуна барып түштүк. Ал жерден бизди 22 миллион калкы бар Бартын шаарына алып кетишти. 6 күнгө созулган фестивалга катышып, өз өнөрлөрүбүзмен элге жакшы маанай тартууладык десем болчудай. Алар биздин ыр, бийлерибизге аябай кызыгуу менен карап, колдоп-коштоп турушту. Андан сырткары, Амасра шаарында, Кара-Деңиздин жээгинде болдук. Тарыхый жерлерди көрдүк. Бизден башка Черногориянын, Македониянын маданият кызматкерлери катышты. Абдан меймандос эл келишет экен» - дейт Б.Дүйшеева.