Ак-Талаанын жаштары Баетов айылынын тургуну Т.Акималиевге «Одиссей Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа алып беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 450
 
Опубликовано 22 Мая 2017, 13:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 31 жаштагы майып тургуну Таалайбек Акималиевге «Одиссей Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа алынып берилгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Эске сала кетсек, Т.Акималиевдин достору башкача айтканда 10986-жылы туулган жигиттер демилге көтөрүп чыгышып, анын негизинде ар жуманын дем алыш күндөрү кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, мелдеште ар бир команда 500 сомдон ортого каражат чыгарышып, ал каражат автоунаа алууга топтолгон. Андан сырткары, Бишкекте дагы бир нече мелдеш жана марафон өткөрүлгөн.
Бүгүн, 22-май күнү автоунааны тапшыруу аземи белгиленип, анда Таалайбектин достору, демилгени колдоп берген спортчу Билимбек Капарбек уулу, райондун имамы Жаныбек Жээнбеков жана бир катар аксакалдар куттуктоолорун айтышып, жаштарга бата тилешти.
Андан сырткары, жакшы иштерге дуба окулуп, мал мууздалды.
Ал эми, автоунааны 215 миң сомго алып беришсе, Бишкекте өткөрүлгөн марафондон жана мелдештен 73 миң сом, Ак-Талаада өткөрүлгөн футболдук мелдештен 20 миң сом, ошондой эле жеке ишкерлер Маметоктоев 5 миң сом, Жолдошбек Баязов 5 миң сом, Илтия Токтоболотов 2 миң сом жана «Ак-Талаа ынтымагы» коомдук бирикмеси 10 миң сом каражат демөөрчүлүк кылып беришкен.