Ак-Талаада ыйман, адеп жана маданият жылына арналган «Күттүргөн жаз» аттуу концерт элге жакшы маанай тартуулады

turmush
Скачать
Просмотров: 176
 
Опубликовано 25 Марта 2017, 04:23

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты тарабынан «Күттүргөн жаз» аттуу чоң программадагы концерт коюлуп, жергиликтүү тургундарга жакшы маанай тартуулангандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 24-март күнү Ыйман, адеп жана маданият жылына карата аталган музыкалык мектептин өнөрпоздору тартуулаган концертке 250 гө чукул көрүүчү келип, алар концерттин жүрүшүндөгү сахналаштырылган тамашаларга, попуррилерге, ыр-бийлерге, комуз күүлөрүнө, жашоодогу терс көрүнүштөрдүн театрларына күбө болушту.
Концертке эл жакшы баасын беришүү менен, өзгөчө жагымдуу концерт болгондугун белгилей кетишти.