Ак-Талаанын Баетов айылында Ноорузга карата Көкбөрү жана Эр эңиш боюнча мелдеш өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 246
 
Опубликовано 22 Марта 2017, 13:10

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Ноорузга карата көкбөрү, жорго салыш жана эр эңиш оюну мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 21-Март күнү аталган айыл өкмөттүн жана жергиликтүү кеңеши тарабынан уюштурулган мелдеш өтүп, байге фонду 20 миң сомду түздү.
Анда, көкбөрү мелдешине жалпы 5 команда оюн талаасында беттешип, жыйынтыгында «Терек» командасы 1-орунду камсыздап, кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болушса, 2-орунду «Тайлак-Баетов» командасы жана 3-орунду «Баетов» командасы камсыздашып, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Андан сырткары, эр эңеиш боюнча мелдеш 70 килграммга чейинкилер жана 70 килограмм салмактан жогоркулар арасында өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай байгелер берилди.