21-Март Нооруз күнү Ак-Талаа районунда салтанаттуу белгиленди.

turmush
Скачать
Просмотров: 163
 
Опубликовано 22 Марта 2017, 11:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районундук маданият үйүндө 21-март Нооруз салтанаттуу белгиленип, жергиликтүү тургундар майрамдык салтанатка күбө болушкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 21-март Нооруз күнүнө карата маданият үйүнө чогулган жашоочуларды район акими баш болгон бир катар мекеме-ишкана жетекчилери, айыл аксакалдары жылуу куттуктоолорун билдиришти.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө элге сүмөлүк ооз тийгиздирилип, улуттук жөрөлгөлөр сахналаштырылып көргөзүлүп, бата тиленди. Андан сырткары, кол күрөш жана таяк тартыш оюндары өткөрүлдү. Иш-чара концерттик программалар менен коштолду.