Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылында 2 кабаттуу жаңы мектеп ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 99
 
Опубликовано 27 Февраля 2017, 01:17

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылында 2 кабаттуу мектеп курулуп бүттү. 275 орундуу типтүү мектептин ачылыш аземи кечээ, 25-февралда салтанаттуу белгиленип, пайдаланууга берилгенин аймактык кабарчы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, облустук, райондук жетекчилер катышты.
Маалым болгондой, тендерден «Мерибелл Текстиль Иншаат» ЖЧКсы утуп чыгып, курулушка 57 млн 998 миң сом сарпталды. Курулуш иштери 2016-жылдын апрель айында башталып, 2016-жылдын декабрь айында толук аяктаган.
Ачылыш аземдин жүрүшүндө М.Абулгазиев айыл элин жаңы мектептүү болушу менен куттуктап, мектепке аяр мамиле кылууга чакырды. Курулуш иштерин жүргүзгөн ишканадан мектеп имараты 1 жылдан соң гана кабыл алына турганын, ага чейин мектептин сапаты аталган ишкананын мойнунда экенин белгиледи.
http://www.turmush.kg/news:320494?fro...