Кыргызстанда deputat.kg сайты ишке киргизилди

Civicplatforma
Скачать
Просмотров: 66
 
Опубликовано 28 Октября 2016, 14:36

«Жарандык платформа» фондусунун демилгеси боюнча deputat.kg. жаӊы маалыматтык ресурс иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Бул сайт Жогорку Кеӊештин жана жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын айтууларын жана убадаларын контролдоочу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Сайтта Жогорку Кеӊештин жана бийликтин жергиликтүү органдарынын депутаттарынын эл алдындагы билдирүүлөрү, ошондой эле эксперттердин, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин пикирлери чогултулат жана байкоо жүргүзүлөт.
Deputat.kg ар тараптуу маалыматтык ресурс, ошондой эле бардык деӊгээлдеги депутаттардын электорат менен өз ара аракеттенүү аянтчасы болуп калат. Ресурс өлкөдөгү жалпы саясий маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.