Алыкул Осмоновдун ЫССЫК-КӨЛ атту ыры, чыгармасы (Сөзү менен)

asb3746
Скачать
Просмотров: 377
 
Опубликовано 5 Июня 2016, 17:59

https://www.youtube.com/watch?v=ouE0q...

Ысык-Көл,сен ырыскым,сен жыргалым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың

Ысык-Көл, өзүң барда, мен да бармын,
Сен жарым, кереги не башка жардын.
Тагдырдын марттыгына мен ыраазы,
Бар тура, кубанаарым, мактанаарым.

Эй көлум тунугуңдай тунуп турсаң,
Бирок да тунук акыл уул туусаң.
Кубатсыз мендей начар акындарды,
Шарпылдап толкуп туруп жээке урсаң.

Жаш белең, Тентек белең Ысык-Көлүм?
Ойноткон толкунуңа каз өрдөгөн.
Жаз күнү, күн батаарда карап турсаң,
Уялчак кызды өпкөндөй сергийт көңүлүң.

Шок белем.. Ойнок белем.. Ысык-Көлүм?
Кубанган кубалаткан өзүнө өзүн?
Кечинде жалгыз келип карап турсаң,
Жуткандай жайлоо желин сергийт көңүлүң.

Жараган күлүкө окшоп көп жол басып,
Бүркүттөй нечээн бийик зоолор ашып.
Кымыздай чөйчөгүнөн сапырылып,
Жаштыктай күр-шар этет көбүк чачып.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Жарга уруп, жаркылдаткан жаштык отун.
Турмушта канча курдаш күтсөм дагы
Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун.
Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур,
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.