Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Өткөн дем алыш күндөрү «Салам Ысык-Көл 2016» эл аралык фестивали ачылып, Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» этнокомплексинде орун алды. Саамалыкта саякат көргөзмөсү, кыргыздын маданиятын чагылдырган жарманке уюштурулуп, оюн-зоок, ыр-бий менен коштолду. Жайкы сезондун ачылышына Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдүн туроператорлору катышты.