Эл аралык жарандык коргоо уюму Бишкекте. Бүгүн борбор калаада 22 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлери катышкан 49-жыйыны өтүп, табигый кырсыктардын алдын-алууда жана чукул кырдаалдарда коргонууну талкуулашууда. Кыргызстан бул уюмдун алкагында 20дан ашык өлкөнүн сууда сүзүүчүлөрүн жана тоодо куткаруучуларын атайын окууларды өткөрүп келет. Бүгүн-эртен жыйындын жүрүшүндө сертификаттар уюмдун өлкөлөрүнө жарактуу болуп калуусу күтүлүүдө.