Туулгандыгы тууралуу күбөлүк ордуна, нике туурасында күбөлүк. 2012-жылдарда мындай күбөлүктөрдөн 30-40 миңдейи бардык региондорго тарап кеткен. Мында сыртынан жазуусу билинбеген менен атайын аппарат менен караганда, никеси туурасындагы күбөлүк деген жазуусу даана көрүнөт. Кыргызстандын ичинде күчкө ээ болгону менен чет өлкөлөргө жараксыз. Учурда бийлик бул маселени дагы деле чече албай ар кандай убадаларды берип жатканын жабырлануучулар билдирүүдө. Иш сотко өткөн, бирок, сот жараян туркун шылтоолор менен создугуп жатканы кабарланууда.