Энелери чанып, ар кайсы таштандыда калган наристелер үчүн жаңы жай. Ал бейби-бокс деп аталып, төрөт үйлөрүнүн же башка бейтапканаларга коюлушу ыктымал. Ташталган наристелердин саны көбөйүп, алардын өмүрүн сактап калуу көп учурда мүмкүн болбой калууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин айрым депуттаргы сунуштап жатат. Өкмөт атайын жумушчу түзүп, анализ жүргүзө баштады. Бирок, ошол эле маалда төрөп салып бейби-бокска таштап кеткен кыз-келиндердин дагы саны өсүп кетпейби деген чочулоор бар.