Тажикстандын #Ворух анклавы менен чектешкен Баткен районунун Ак-Сай айылында абал дагы деле кооптуу. Жазгы таалачылык иштери кызыган маалда эки элдин ортосунда кез-кезде жер, суу талашкан кагылыштар өтүүдө. Ал эми малчылар жайлоого аскерлердин коштосунда көчүүгө аргасыз. Коопсуздукту сактоо үчүн айылда элдик кошуун да түзүлгөн.