Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы малчыларга көйгөй жаратып жаткан көпүрө оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, аталган жайлоодогу Кичи-Каман суусундагы суу алып кетүү коркунучунда турган көпүрөнү оңдоо жана жээктерин бекемдөө максатында айыл өкмөттүн алдындагы «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасы тарабынан колго алынып, көпүрөнүн суу алып кеткен башы оңдолуп, көпүрөгө кооптуу абал жаратып жаткан 120 метр суу нугу таш толтурулган габион тор менен бекемделди. Оңдоо иштерине аталган ишкананын 1 даана погрузчиги, жумушчулары жана жайлоодогу малчылар тартылды. Ошондой эле, Баетов айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан «Трал» техникасына погрузчик техникасын жүктөп барып-келүү жагынан жардам көрсөтүлдү. Учурда, жол ачылгандыгы маалым болду.
Эске сала кетсек, буга чейин Арпа жайлоосундагы малчылар Кичи-Каман суусундагы көпүрөгө суунун көбөйүшүнөн улам кооптуулук жаралып, көпүрөнүн башын суу алып кеткендиктен малчылар өтө албай жатышкандыктарын билдирип, нааразы болуп келишкен.
--
Отправлено из Mail для Android