Ак-Талаа; Адам өмүрлөрү кыйылып жаткан жолдун 10 чакырымына асфальт басылууда

turmush
Скачать
Просмотров: 88
 
Опубликовано 14 Августа 2026, 05:27

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы чаңы сапырылган Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун 10 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук №15-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун бир катар тилкелерине асфальт басуу иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, Кош-Дөбө айылында 2,5 чакырым, Жерге-Тал айылында 1 чакырым, Чолок-Кайың айылында 2 чакырым, Коңорчок айылын кесип өткөн жолго 1 чакырым жана Ак-Чий айылынын тушунда 3,5 чакырым жол тилкесине асфальт басуу иштери жүрүүдө. Жалпы быйыл 10 чакырым жолго асфальт басылары маалым болду.

Буга чейин, жергиликтүү тургундар тарабынан, аталган жолдун абалы күн сайын начарлап, чаңдан улам жол көрүнбөй, жол кырсыктары көп катталып жаткандыгын айтып нааразы болуп келишет. Ошондой эле, Ак-Чий айылынын тушунда жол оңдоо иштери жай жүрүп жаткандыгын дагы билдиришүүдө.

«Ак-Чий айылынын тушундагы жолго асфальт төшөө иштери өз нугунда эле жүрүп жатат. Баса белгилеп кетчү жагдай, бардыгына эле белгилүү болгондой, ал чөлкөм саздак болгондуктан, жер алдындагы сууларды сарыктыруу, кургатуу иштеринин натыйжасында иш жай жүрүп жатат. Саз сууларын агызып, жолдун астын кургактабаса болбойт да. Саз суусу көтөрүлүп кетсе, асфальтты бат эле талкалап салат. Мындан тышкары, оор жүк тартуучу унаалардын жана сел сууларынын кесепетинен бузулган жол тилкелерин оңдоо иштери жүрүүдө», - деди Аскар Өмүрбеков.




--
Отправлено из Mail для Android