Ош шаарында акыркы 6 ай ичинде унаасынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып жүргөн 1038 айдоочу аныкталып, административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.