Ак-Ордо-3 конушунун тургундары 2 күндөн бери таза суусуз калышты

turmush
Скачать
Просмотров: 1
 
Опубликовано 26 Мая 2026, 14:11

Чүй облусунун Ленин районундагы Ак-Ордо - 3 конушунун жашоочулары 2 күндөн бери таза суусуз калып, башка конуштардагы ташып ичишүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 25-май күнү Элмирбек Иманалиев көчөсү менен Эркин-Тоо-8 көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы таза суу түтүгү жарылган. Жарылган жерди оңдоо үчүн казып коюшкандыгы менен, бирок оңдоо иштери жүргүзүлбөй жаткандыгын айтышууда. Мунун кесепетинен жергиликтүү тургундар башка конуштардан суу ташып жана суу сатып алып ичип жатышкандыгын айтышууда.

Ал эми айыл өкмөт Ак-Ордо конушунун айыл өкмөт башчысы Алмазбек Кадыралиев бүгүн таза берилерин айтты.

«Элмирбек Иманалиев көчөсү менен Эркин-Тоо-8 көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы таза суу түтүгү жарылган. Азыркы учурда «Бишкек сууканал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан авариялык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы аралыкта конуштун тургундары толугу менен таза суу менен камсыз болот. Оңдоо иштери кандай бүткөрүлөрү менен суу беребиз», - деди Кадыралиев.