Бүгүн, 26-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.
Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев жана райондогу мекеме-ишкалардын жетекчилери катышууда.
Жыйында өзүн Нургазы деп тааныштырган ишкер «Аалам Курулуш» курулуш компаниясынын жетектерин, 2022-жылы президент ишкерлерге бирдиктүү салык системасын киргизгенин, бирок Ош обулстук прокуратурасынын прокурорлору негизсиз текшерип жатканын айтты.