Бүгүн, 26-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда.
Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боюнча башчысы Канат Табалдиев жана райондогу мекеме-ишкалардын жетекчилери катышууда.
Анда Президенттин өкүлү Курулуш министрлиги Араван райондук оорукана боюнча маселени карап жатканын, Юсупов айыл өкмөтүнүн 2 гектар жерине 150 млн сомдук стадион куруларын айтты.