Ошто 5 ай мурун ачылган эс алуу багынын тосмосу кулап кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 4242
 
Опубликовано 23 Мая 2026, 14:11

Ош шаарынын Ы. Монуев көчөсүндө жайгашкан, Увам каналынын боюндагы жаңы ачылган эс алуу багынын тирөөчү дубалдары урап калды. Бул тууралуу социалдык тармакта видео тарап жашочулар билдирген. Ош шаардык мэриянын Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулунун айтымында, аталган эс алуу багы «Сапат GLOBAL» курулуш компаниясы тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген. Объект демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланып, жергиликтүү бюджеттен каражат коротулган эмес.