Кечээ, 22-май күнү Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районунун Н. Исанов айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Ош облуснуну прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчсысы Нурланбек Бурканов, УКМКнын Ош шаары, облусу боючна башкы башкармалыгынын башчысы Канат Табалдиев, Ноокат раойонунун акими Данияр Шейшеканов жана Ноокат районундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Исанов айыл өкмөтүнүн Аксакалдар кеңешинин өкүлү Алымкул Абдубаитов жыйынга келгендердин жарымынын туугандары мигран экенин, миграцияна караган бөлүм Социалдык коргоо министрлигине баш ийерин, аны Тышкы иштер министрлигине бериши керектигин билдирди.