Кеминдеги депутат кургак учуктан дарыланып жаткан бейтаптар коомдук жайларда жүргөнүн айтты

turmush
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 14 Мая 2026, 10:21

Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарындагы жолугушууда кургак учуктан дарыланып жаткан бейтаптар боюнча маселе көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча өлкөнүн аймактарында облус жетекчилеринин, прокуратура, ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын эл менен жолугушуулары өтүп жатат.

Жолугушуу учурунда Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина кургак учукка чалдыккан бейтаптар көчөдө жүргөнүн билдирди.