22 жаштагы Сергей Гончаров кыргызча ойлонуп, кыргызча түш көрөт. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кыргыз тилин кантип үйрөнгөнүн айтып берди.
Сергей Гончаров учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашап, туризм тармагындагы фирмада гид болуп иштей. Анын айтымында, орто билимдүү.