Ак-Талаа; Баетовдо таштандыга каршы камералар орнотулду

turmush
Скачать
Просмотров: 60
 
Опубликовано 30 Апреля 2026, 18:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш жана күн батыш тарабында таштанды төгүүгө каршы видео камералар коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Мадина Мыдыкееванын айтымында, айылдын күн батыш тарабындагы Как-Көл жана күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий чөлкөмүн көзөмөлгө алып туруу максатында заманбап цифровой PTZ камерасы орнотулду. Орнотулган камералар адамдын жүзүнөн 1 чакырым алыстыкта даана тааныйт жана күнү-түнү иштей туруу мүмкүнчүлүгү кенен. Камералар жергиликтүү бюджеттен 136 миң сомго сатып алынды.

"Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, Как-Көл жана Кара-Чий чөлкөмүнө эл тарабынан таштандылар төгүлүп, айтор талаалар таштандыга толуп калат. Анын азабын мамлекеттик кызматкерлер тартып, ар ишемби сайын аталган чөлкөмдөрдө акыр-чикир тазалап эле жүрөбүз. Мына ушундан көйгөйдөн арылуу максатында заманбап цифровой PTZ камерасы орноттурдук. Бул камералар 1 чакырым алыстыктан күндүз дагы, түндөсү дагы адамдын жүзүн, унаалардын номерлеринен бери так, даана көрсөтүп берет. Ошондой эле, ар бир тиешелүү адистердин уюлдук телефондоруна кошулду. Эми кимде ким аталган чөлкөмдөргө таштанды таштай турган 5 500 сомдон айып пул салынат. Өткөндө эле ак-чийлик бир адам таштанды төгүп жаткандыгы камера түшүп калып, жеринен протокол толтурулуп, 5500 сом айып пул салынды. Учурдан пайдаланып дагы эл-журтка эскертип кетет элек. Урматтуу жарандар айылдын айланасына таштанды төкпөңүздөр. Камералар коюлду. Мындан ары 5500 сомдон айып салынат", - деди М.Мыдыкеева.


--
Отправлено из Mail для Android