Ак-Талаа; Баатыр эне Эркингүл Дөөлөталиева эрмек кылган чарьасы
-
Категория
"Айыл турмушу" рубрикабыздын кезектеги каарманы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 68 жаштагы тургуну Эркин Дөөлөталиева индюк, каз, өрдөк багып келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Баатыр эне
Эркин Дөөлөталиева 1958-жылы 8-ноябрь күнү Жаны-Тилек айылында туулган. 1-класстан 4-класска чейин аталган айылдагы орто мектепте, андан соң Баетов айылындагы Жданов (азыркы Эсенгул Карасартов) атындагы орто мектебинде билим алган. Союз учурунда өндүрүштүк бригадада иштеп жүрүп, Ак-Кыяга айылына турмушка чыккан. 8 баланын энеси. "Баатыр эне" орденинин ээси.
Өндүрүштүк бригада
- Союз убагында жогорку окуу жайга кабыл алуу, окуу деген кыйын болчу. Ал кезде колхоздо өндүрүштүк бригада деген бар болчу. Бизди чөп чабыкка, сакманчылыкка алып барып, иштетишчү. Өндүрүштүк бригадада кыз-келиндерден куралган саанчылардын "Ак куулар" бригадасы бар эле. Ошол саанчы болуп жүргөн учурда Ак-Кыяга турмушка чыктым. Ошону менен эле ушул айылда очор-бачар болуп, турмуш улап келе жатабыз.
Баатыр эненин канаттуулар чарбасы
- Союз тарап кеткиче колхоздун иштеринде эмгектендим. Союз тарап кеткенден кийин ар кимибиз эле өз алдынча чарбачылык менен алектенип калдык да. Көп жылдардан бери индюк багып келем. "Балдар жумурткасын, этин жеп турсун" деп эле багып келем. Айыл ичине көп санда индюк батпайт экен. Азырак санда эле багам. Ал эми каз, өрдөк бакканыма 3 жыл болду. 3 жыл мурун Баетов барып 5-6 индюкка башына баш кылып казга алмашып келгем. Өткөн жылдан бери жумурткасын бастырып, багып келе жатам. Эми эч кандай этин, жумурткасын сатуу максатында баккан жокмун. Үйгө, өзүбүз үчүн эле багып жатам. Каз жумуртканы жакшы тууйт экен. Ал үчүн ичкен-жегенин жакшы бериш керек. Балапан кезинде 2-3 ай таруу менен багам. Көп санда багып, сатыкка алып чыксаң, кирешелүү эле болгудай. Бирок, ал үчүн айылдан тышкары жакка, чоң сарайга бакпаса айыл ичине батпайт да. Сатып деле көргөн жокмун. Каздын майы күйүктөргө дары деп угуп калам. Бирок, дарылыкка деп сатып көргөн эмесмин. Бул каз кызганчаак, өзүн мыкты коргогон, басып жаткан казды эркек казы кадимкидей эле коргоп турат. Ит-кушка оңой менен алдырбаган, өтө сак болот.
Өткөн жылдын өрдөктөрү
- Учурда, өрдөктөр деле жок. Бир баш өрдөк калдым окшойт. Өткөн жылы 3 баш өрдөк бар болчу. Анын экөөсү короз болуп калды. Жөжө кездеринде билген эмеспиз. Былтыр, жалгыз өрдөк басып жатканда иттер жумурткаларын жеп, өзүн чочутуп коюп, жумуртка баспай калган. Быйыл, жумуртка басып жатат. Бул канаттууларды багуу деле оңой эмес экен. Буларга деле жем, тоютун камдабаса,кантип багасың. Балдар бир аз жем-тоюттарын даярдап беришет. Атайын көлмө керек экен. Биздин айылда каз, өрдөктү баккандар жок. Эч кандай деле кол өнөрчүлүк, ал-бул иштер менен деле алектенбейм. Уулдарым эле эл катары дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Өзүм эле бала-бакыра, неберелер жумурткасын, этин жеп турсун деп, кирип-чыгып эрмек кылып багып коём. Башка деле максатыбыз жок.
Балдардын бассейнине ойногон каздар
- Ак каздар эмес. Өңү кара боз каздар. Тиги атайын үйлөтүп коймо бассейнди үйгө, неберелер жайкысын сууга түшүп ойноп турушсун деп эле алып келгенбиз. Аны атайын каз, өрдөктөргө алып келген эмеспиз. Балдар сууга түшүп, ойноп бүтүшүп үйгө кирип кетишипти. Чыксак, тиги каздар жөжөлөрү менен чумкуп ойноп жатышыптыр. Ошол жөжөлөр азыр килейген каз болушкан.
--
Отправлено из Mail для Android