Кочкорлук шахматчы Амина Шергалиева өлкө чемпионатында алтын байге утту

turmush
Скачать
Просмотров: 55
 
Опубликовано 30 Марта 2026, 08:48

Кочкорлук шахматчы Амина Шергалиева өлкө чемпионатында алтын байгеге ээ болду. 

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 2026-жылдын 20-26-март күндөрү Бишкек шаарында окуучулардын арасында шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Ага  жалпы 300дөн  ашык шахматчы катышты. Амина Шергалиева 9 жаштагы кыздардын арасында мелдеште жеңүүчү болуп,  алтын байгеге ээ болду. Ал жакында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо утуп алды.