Ысык-Көл облусунда Орозо айт намазы жана Нооруз майрамын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти камсыз кылуу багытында гарнизондук кароо өткөрүлдү.
Облустун борбору Каракол шаарындагы борбордук аянтта ички иштер органдарынын күч каражаттарынын даярдыгы текшерилип, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын жүрүшү бааланды.