Кара-Суудагы кырсыкта эки унаа талкаланып, айдоочу ооруканага түштү

turmush
Скачать
Просмотров: 41
 
Опубликовано 9 Марта 2026, 10:39

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу ооруканага түштү.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 2026-жылдын 7-мартында болгон.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, кырсык 7-мартта саат 11:20 чамасында Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 12-чакырымында, тактап айтканда Мады айыл аймагынын Мады айылында болгон. Чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Жоош айыл аймагынын Акжар айылынын 1994-жылы туулган тургуну Ж.уулу Б.нын башкаруусундагы «Daewoo Matiz» унаасы каршы тилкеде келе жаткан Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын 1990-жылы туулган тургуну А. уулу А. башкарган «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Ж. уулу Б. денесинен жаракат алып, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылды.