Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында Масленица майрамы белгиленди.
Мэриянын маалыматына караганда, шаардын тургундары жана коноктору кыш менен коштошуп, жазды жылуу, достук маанайда тосуп алуу үчүн чогулушту. Иш-чарада элдик оюндар, ырлар, бийлер, тамак-аштар тартууланды. Майрамдын башкы символу болгон ысык куймак өзгөчө таттуу болду.