Ала-Арча капчыгайындагы чокуга чыгып жаткан украиналык турист кулап кеткен

turmush
Скачать
Просмотров: 21
 
Опубликовано 2 Февраля 2026, 08:55

Ала-Арча капчыгайындагы чокуга чыгып жатып кулаган туристке жардам көрсөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя кечээ, 1-февралда болгон. ӨКМдин «Эдельвейс» куткаруу кошуунун 5 куткаруучусу украиналык туристти «Рацека» альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткиришти.

«Ала-Арча капчыгайындагы Байчечекей чокусуна чыгып жатып кулаган туристке жардам сурап 112 кызматына билдиришкен. Мындан улам куткаруучулар жабырлануучуну алып түшүүгө жөнөп кетишкен», - деп айтылат маалыматта.