Кочкордо мугалимдер арасында волейбол мелдеши өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 18
 
Опубликовано 2 Февраля 2026, 08:46

Нарын облусунун Кочкор районунда  мугалимдер арасында волейбол боюнча турнир  өттү. 

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, турнир санарип мугалимдердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымакты бекемдөө жана күчтүү командаларды аныктоо максатында  уюштурулду. Мелдешке райондогу мектептерден келген жалпы 16 команда катышты.

Жыйынтыгында Корчубек Акназаров атындагы мектептин командасы 1-орунду жеңип алып, 8 мугалим Казакстандын Алматы шаарына эс алууга жолдомо утуп алды. Ал эми 2-орунду Бейшенбек Иманалиев атындагы мектеп ээлеп, 5000 сом акчалай сыйлыкка татыды. 3-орунду Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп алып, 3000 сом менен сыйланышты.