Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында волейбол боюнча ири мелдеш өткөрүлүп, баш байгесине автоунаа коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Уюштуруучулардын бири Урмат Замирбек уулунун айтымында, айылдын 1990-жылы туулган жигиттер мүчөлү жылына карата айылда кыз-келиндер арасында, ал эми эркектер арасында 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогоркулар арасында ири волейбол оюнун өткөрүштү. Мелдеш дээрлик 3 күнгө созулуп, анда 2-январь күнү кыз-келиндердер ортосунда 7 команда, 3-январь күнү түн бир оокумга чейин 35 жашка чейинки жигиттерден 15 команда жана 35 жаштан жогорку 10 команда күч сынашты. 4-январь күнү финалдык оюндар орун алды. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана баш байгеге "Volkswagen Vento" үлгүсүндөгү унаа коюлду.
Кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр жана акчалай байгелер;
- 1-орунду 1987-жылкылар командасы багындырып, кубок жана 25 миң сом,
- 2-орунду 2006-жылкылар командасы ээлеп, 15 миң сом,
- 3-орунду Мукаш Базаркулов мектебинин окуучу кыздары командасы каамсыздап, 10 миң сом менен сыйланды.
35 жашка чейинки жигиттер арасында жеңүүчүлөр жана акчалай сыйлыктары;
- 1-орунду 2001-жылкы жигиттер командасы багындырып, кубок, медаль жана 60 миң сом,
- 2-орунду 1993-жылкы жигиттер ээлеп, медаль жана 30 миң сом,
- 3-орунду 1998-жылкы жигиттер командасы камсыздап, медаль жана 10 миң сом,
- 4-орунду 2005-жылкы жигиттер командасы камсыздап, 5 миң сом менен сыйланды.
35 жаштан жогоркулар арасында жеңүүчүлөр жана баш байгеге коюлган унаа;
- 1-орунду 1984-жылкы жигиттер командасы багындырып, баш байгеге коюлган "Volkswagen Vento" унаасы, кубок жана медалдар,
- 2-орунду 1988-жылкы жигиттер командасы ээлеп, медаль жана 15 миң сом,
- 3-орунду 1989-жылкы жигиттер камсыздап, 10 миң сом жана медалдар,
- 4-орунду 1985-жылкы жигиттер командасы жеңип, 5 миң сом менен сыйланды.
Мындан тышкары, мыкты оюнчу, мыкты тосмочу, мыкты коргоочу, мыкты чабуулчу наамдарга татыктуу болгондорго акчалай сыйлыктар тапшырылды.
--
Отправлено из Mail для Android