Ак-Талаа; Дарыгер Э.Үсөнов тарабынан карышкыр атылды

turmush
Скачать
Просмотров: 651
 
Опубликовано 6 Января 2026, 00:28

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагынан жергиликтүү мергенчи тарабынан дөбөт карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 4-январь күнү кечинде Баетов айылындагы жергиликтүү мергенчи, дарыгер Эдил Үсөнов Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Терең-Коо чөлкөмүнөн же тактап айтканда Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун чордонунан кайрадан 1 дөбөт карышкыр атып алганы маалым болду.

Эске сала кетсек, ал 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү аталган жол боюнан канчык карышкыр атып алган.