Токиодогу Олимп оюндарынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова эл аралык талаптарга жооп берген жалгыз спорттук-база жабылып калуу коркунучунда турганын билдирди. Спортчу бул маселе менен президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду.