Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу тоо этегиндеги Чорголу айылында калыңдыгы 10 сантиметрдей кар жаады.
Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалым болгондой, район аймагында Эркин-Сай, Бухара, Тельман, Кум-Арык, Орто-Арык, Чорголу жана Чолок-Арык айылдары жайгашкан. Райондун борборунан алыскы аймакта жайгашкан Чорголу айылында түнү менен жааган алгачкы кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жакын. Ал эми сууктун күчү -5 градуска төмөндөдү. Талааны кар басып, малдар кол карады.Түнү мындан да суук болушу күтүлүүдө.
"Ал эми Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагындагы тоо этегиндеги Ак-Башат айылында кардын калыңды 30 сантиметрге жакын. Учурда үйлөрдө термометр -12 градус суукту көрсөтүүдө. Айлананы боз туман каптап, мал короого киргизилди", - деди айыл тургундары.